Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Чоң-Алай жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондорундагы окуялар боюнча жыйын өткөрдү. Анда күч түзүмдөрдүн жетекчилерине окуянын күнөөкөрлөрүн чукул арада аныктап, жазага тартууну тапшырды. Премьердин айтымында жаңжалдарды алдын алуу иш-чаралары жүрбөгөндүктөн, жергиликтүү бийлик жетиштүү аракет көрбөгөндүктөн ушундай окуялар чыгып жатат.
Сатыбалдиев ошондой эле Чоң-Алай, Кемин, Талас, Ала-Бука райондорунда кырдаалды курчутууну каалаган күчтөр бар экенин белгиледи. Күч органдары анын уюштуруучуларын билерин, бирок жетиштүү чара көрбөй жатканын айтып сындады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 17-майда кабарлады.
15-майда Чоң-Алайда Кара-Казык кенин иштетүүгө каршы чыккандар райондун акимине кол көтөргөнү белгилүү болду. 16-майда Ала-Бука аймагында окуучулар мушташты. Ушул эле күнү Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршылар мөөнөтсүз митинг башташып, 11 адам ачкачылык жарыялады. (EBM)