Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

БУУ башкы катчысынын Орусиядагы сапарында Сирия талкууланууда


Пан Ги Мун жана Сергей Лавров. Сочи, 17-май, 2013-жыл.
Пан Ги Мун жана Сергей Лавров. Сочи, 17-май, 2013-жыл.
Пан Ги Мун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бүгүн Сочиде кездешти. Ал жолугушуудан кийинки басма сөз жыйында АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча эл аралык конференция чакыруу сунушун колдоп, ал мүмкүн болушунча тез өтүшү керектигин белгиледи.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, конференцияга каршылашкан тараптардан кимдер келерин сириялыктардын өздөрү чечкени чоң мааниге ээ:

- Азыр эң башкысы – сириялык тараптардан конференцияга катышууга кимдер даярдыгын билүү. Болбосо эч нерсе ишке ашпайт. Андан кийинки экинчи маселе - Сириядан башка катышуучуларды аныктоо.

Сергей Лавров Орусиянын Сирияда химиялык курал колдонулду деген айыптар БУУ комиссиясы тарабынан текшерилсин деген мурдагы турумун кайталады.

Сирия боюнча Орусиядагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алдында кечээ Вашингтондон АКШ президенти Барак Обама жана Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган президент Башар Асаддын режимине кысым көрсөтүүнү улантууну убада кылышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG