Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Канн кинофестивалында зергер буюмдар уурдалды


Бул тууралуу Франциянын полициясы билдирди. Маалыматка караганда, Швейцариянын айтылуу Шопард фирмасынын Канн фестивалына катышуучу киножылдыздарга ижарага бериле турган зергер буюмдары “Новотел” деген мейманкананын бөлмөсүнөн уурдалган. Ал асыл буюмдардын наркы бир миллион доллар.

Канн кинофестивалы кечээ ачылып, Франциянын бул шаарына жүздөгөн киножылдыздар, киноиндустриясынын жетекчилери, кабарчылар жыйналган эле.
Швейцариялык Шопард фирмасы фестивалдын расмий демөөрчүлөрүнүн бири.

XS
SM
MD
LG