Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Ирактын Бакуба шаарында жарылуудан ондогон киши каза тапты


Бакубадагы кош жардырууда сунниттерге караштуу мечиттин сыртында болуп, кеминде 32 киши каза тапты жана ондогондору жаракат алды.

Кабарларга караганда, алгачкы бомба адамдар жума намаздан чыккан кезде, экинчиси алгачкы жарылуунун артынан жыйналган учурда жарылган.

Ал эми баш калаа Багдаддан түштүк тарапта тажия учурундагы бомба жарылуудан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды.

Буга чейин шаршемби жана бейшемби күндөрү Багдад, Киркук, Мосул шаарларында бомба жарылуулардан 50дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Ирактагы кыянатчылыктардын жаңы толкуну сунниттер менен шийиттер үстөмдүк кылган өкмөттүн ортосундагы тирешүү күчөгөн учурга туш келүүдө. Сунниттер шийит премьер-министр Нури ал-Маликинин өкмөтүн аларды куугунтуктоодо деп айыпташат. (UE)

XS
SM
MD
LG