Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Сирияны учууга болбой турган аймак деп Улуттар уюму гана жарыялай алат


Бул тууралуу Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондогу Брукингс институтунда сүйлөгөн учурунда билдирди. Эрдоган белгилегендей, Сирияны учууга болбой турган аймак деп жарыялоо боюнча чечимди Улуттар уюму гана чыгара алат.

АКШ президенти Барак Обама жана Түркия өкмөт башчысы Режеп Эрдоган мындан бир күн мурдагы жолугушуусунда кан төгүү уланып жаткан Сириянын президенти Башар Асаддын режимине кысым көрсөтүүнү күчөтүүнү убада кылышкан эле.

Премьер-министрдин АКШдагы сапарына тушташ түрк полициясы жума күнү өткөн аптадагы жардырууга түздөн-түз шектелген адамды кармашканын билдирди. Анда Сирия чек арасына жакын Райханли шаарчасындагы кош жарылуудан 50дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Расмий Анкара жардыруу үчүн Сириянын чалгын кызматына тикелей байланышы бар топторду айыптаса, Дамаск буга катышы бардыгын төгүндөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG