Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

ЕБ “Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысынын тагдырына тынчсызданууда


Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн редакциясына Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун басма сөз катчысы Майя Коциянчич маалымдады. Анын айтымында, европалык делегация түркмөн бийликтеринен журналист Ровшен Язмухамедовдун абалын Ашхабадга барганда сураган:

- Биз “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысынын абалына өзгөчө кызыктык. Евробиримдик анын камалганы боюнча тынчсыздануусун билдирип, кошумча маалымат берүүгө чакырды.

30 жаштагы Язмухамедов 5-майда өзү иштеген Түркмөнабад шаарында камакка алынган.

Жергиликтүү бийликтер журналисттин абалы тууралуу азырынча эч кандай маалымат берише элек. Язмухамедовдун туугандары ал Ички иштер министрлигинин №6 дирекциясынын СИЗОсунда кармалып турганын айтышууда. Адатта бул дирекция уюшкан кылмыштуулук менен терроризмге байланыштуу иштерди тергеп келген. (UE/TD)

XS
SM
MD
LG