Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

9 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелген киши кармалды


Бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында 9 жаштагы кызды үйүнө алып барып өлтүрүп, жер төлөөсүнө көмгөн деп шектелген Андрей Овсянников кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

2004-жылы туулган Лидия Видясованын үйдөн чыгып кетип, дайынсыз экенин айтып, ата-энеси 5-майда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Бир нече күн издөө иштерин жүргүзгөн милициянын маалыматында, Чолпон-Атадагы абактан качып чыккан 30 жаштагы Андрей Овсянников кыз жоголгон күнү алардын үйүнө келген. Ата-энеси үйүндө жок учурда Лидия анын багуучусу Бактыгүл менен калган. Азыркы маалыматтарга ылайык, 42 жаштагы Бактыгүл менен Андрей Овсянников арак ичип, Бактыгүл уктап калганда, Андрей кызды “апаңа алып барам” деп алдап, үйүнө алып кеткен.

Андрейдин айтымында, үйүндө уктап жатып ойгонсо, сыналгыдан Лидиянын жоголгону, ал изделип жатканы тууралуу маалымат берилип жаткан экен. Андрей ошондон кийин кызды тумчуктуруп өлтүрүп салганын милицияга билдирди.

Бактыгүл Андрей менен мурда тааныш болбогонун билдирген. Андрей уурулук жана зордуктоо үчүн мурда бир нече ирет соттолгон. Ал Чолпон-Атадагы 44-жатак абагынан качып кеткен.

Учурда кылмышка шектелген эки жаран шаардык милициянын убактылуу кармоо жайында отурушат. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы “жашы жетелекти уурдоо" жана "адам өлтүрүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шаардык ички иштер башкармалыгы Лидиянын жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн тарта издөө иштерине тажрыйбалуу адистер тартылып, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүм башчысы Нурмат Давлетовдун жетекчилиги алдында иш жүргүзгөнүн кошумчалады. (AKu)

XS
SM
MD
LG