Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Иракта соңку теракттардан 75 киши өлдү


Иракта кечээки бир нече жардыруудан 75тен көп киши ажал тапты. Суни мусулмандарды бутага алган кол салуулар мазап аралык уруш тутанышы мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.

Алдыңкы күндөрү болсо шиийлер байырлаган чөлкөмдөрдөгү теракттардан 40тан ашуун, ал эми сунилердин Амарийя конушунда 20дай киши набыт кеткен.

Жардыруулардан Бакуба, Мадайн, Фалужа, Садр жана башка шаарлар жабыркады. Суни согушкерлери Ирактын шиийлер жетектеген өкмөтүн дискриминация үчүн айыпташууда.

БУУ ушул апрель, соңку 5 жылды алганда, өлкө үчүн эң кандуу ай болду деп билдирген. Ар кандай кол салуулардан 700дөн ашык бейкүнөө адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG