Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Ошто күйөөсүн бычактаган аял кармалды


Ош шаарында жарандык никеде жашап жаткан жолдошун өлтүрдү деген шек менен 34 жаштагы аял кармалды. Шаардык милициядан «Азаттыкка» маалымдашкандай, калаанын Раззаков көчөсүндөгү 36-үйдөн 17-май күнү эртең менен 29 жаштагы эркектин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү деп ошол эле күнү маркумдун жарандык никедеги жубайы кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аял күйөөсүн бычактап өлтүргөнүн мойнуна алды.

Экөө 6 жылдан бери чогуу жашап жүрүшкөн. Кылмыш болгон учурда алар мас болчу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, калаада аялдар арасында кылмыш жасагандардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу болжолдуу 20 пайызга өскөн. (SE)

XS
SM
MD
LG