Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Францияда кумсалар эми расмий үйлөнө алышат


Францияда кумсалардын расмий никесине жана бала асыроосуна жол ачкан мыйзам күчүнө кирди. Президент Франсуа Олланд документке кечээ кечинде кол койду. Анын алдында Конституциялык кеңеш мыйзам “Конституцияда бекитилген бир да принципке каршы келбейт” жана “негизги эркиндиктер менен укуктарды, улуттук суверенитетти бузбайт” деген бүтүмүн чыгарган.

Ошентип Франция кумсалардын баш кошуусу мыйзамдаштырылган Европадагы сегизинчи жана дүйнөдөгү 14-өлкө болуп калды. Жобонун айланасындагы талаш-тартыштар 4 ай бою уланып, ага каршы болгондор жана колдогондор массалык акцияларды уюштуруп келишти. Оңчул оппозиция болсо анын укуктук жактарынан күмөн санап, Конституциялык кеңешке кайрылган.

Документке Гомофобияга каршы эл аралык күн белгиленген учурда кол коюлду.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жана Грузиянын баш калаасында анын урматына акциялар өткөрүлдү. Тбилисиде кумсалардын укуктарын коргоо уюмдары уюштурган мыйзамдуу жүрүштү үзгүлтүккө учуратуу аракети көрүлүп, 28 киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG