Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Дарья Таланова Кыргызстандын 1993-жылдагы рекордун жаңыртты


Бүгүн сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Анда ар кандай аралык жана сүзүүнүн түрү боюнча бир нече спортчу 32 алтын медалды бөлүп алды.

Лондон олимпиадасынын катышуучусу 17 жаштагы Дарья Таланова брасс боюнча 50 метрди 32.41 секундада жана 100 метрди 01.10.67 мүнөттө сүзүп, ушул аралыктагы Наталья Юрицинанын 1993-жылдагы рекордун жаңыртты. Дарья ушул эле аралыктарды 50 метрлик бассейнде Казакстанда жаңырткан. Ал ошентип бир ай ичинде төрт жолу рекорд койду.

Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дмитрий Александров брасс боюнча 50 жана 100 метрлик, баттерфляй боюнча 50 метрлик аралыктан чемпион болду. 50 метр брасс түрүнөн Кирилл Вайс, 200 метр аралаш стилден Султан Букеев, 100 метр баттерфляй жана 400 метр аралаштан Александр Слепченко чемпион болуп, Григорий Мальцев ийни менен сүзүү боюнча үч аралыкта, Станислав Карнаухов эркин сүзүү боюнча үч аралыкта тең биринчиликти алды. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты үч күндөн бери өтүп жатат. Ага акыркы жылдары Бишкек менен Кара-Балта шаарларынын гана спортчулары катышып келет. (AKu)

XS
SM
MD
LG