Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Таврия жериндеги кыргыз мазарлары абаддаштырылат


16-17-майда Украинада “Херсон жери: Тавриянын экологиялык шартында дем алуу, дарылануу, саякат куруу” деген Эл аралык үчүнчү форум өттү.

Кара деңиз жээгиндеги Скадовск шаарында болгон форум маалында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев Херсон облустук администрациянын башчысы Николай Костяк менен кездешти.

Элчиликтин маалымдашынча, кездешүүдө кыргыз элчиси 1930-жылдары Херсон жергесине кулак деп айыпталган кыргызстандыктар сүргүнгө айдалганын, алардын бири атактуу дирижер Асанкан Жумакматов болгонун айткан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча, Херсон облус жетекчилиги Сталиндик репрессия жылдары Украин жеринде курман болгон кыргызстандыктардын мазарларын табуу, аларды абаддаштыруу жана бул жаатта элчиликке көмөктөшүү жөнүндө жергиликтүү бийликтерге тапшырма берген.

Кездешүүдө Кыргызстан жана Херсон облус арасында түрдүү багыттагы кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө да сөз болгон, деп билдирди Кыргызстандын Украинадагы элчиканасы.

“Азаттык” радиосу Сталиндик заманда Украинанын азыркы Херсон (мурдагы Одесса) облусуна сүргүнгө айдалган кыргызстандыктарга арналган бир нече берүүлөрдү уктурган. (AU)

XS
SM
MD
LG