Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Бишкекте билим фестивалы өтүүдө


Бишкекте билим фестивалы башталды. Борбордук Ала-Тоо аянты бүгүн ата-энелер менен балдарга толду. Ал жерде акысыз сабактар берилип, концерт, оюн-зоок уюштурулду.

Бөбөктөрдөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө чейин билим алуунун ар кандай тармактары боюнча маалымат алып, мастер-класстарга катышты. Мисалы, комуз үйрөнгүсү келгендерге акысыз алгачкы сабак өтүлүп, жарманкелер болду.

Билим фестивалы эртең да уланат. Бул иш-чараны мурдагы президент Роза Отунбаева уюштурууда. (TTo/AKu)

 

XS
SM
MD
LG