Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Украин оппозициясы кызматташуу тууралуу макулдашты


Украинада оппозициялык 3 фракция кызматташуу жана 2015-жылкы президенттик шайлоодо Виктор Янукович менен атаандаша турган бир талапкерди колдоо тууралуу макулдашты.

"Свобода", УДАР жана "Мекен" партиясынын лидерлери ишемби күнкү жыйында ал талапкердин атын атабаганы менен, «Януковичтин антиукраиналык, кылмышкерлерден турган мафиялык режимин» жеңүү үчүн биригүүгө тийиш деген орток пикирге келишти.

Мурдагы коргоо министри Анатолий Христенко өңдүү оппозициянын айрым мүчөлөрү жыйын катышуучулары бирдиктүү талапкердин ысымын атай алышкан жок деп сындашты. Ал аралыкта Киевде өкмөттү колдогон жана каршы чыккандар митинг уюштурушту.

XS
SM
MD
LG