Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Карачиде саясатчы аял өлтүрүлдү


Полициянын маалыматына караганда, ишембиде өлтүрүлгөн Зухра Шахид Хусейн өткөн аптадагы парламенттик шайлоодо экинчи болгон Имран Хандын "Техрик-э-Инсаф" партиясынын активдүү мүчөсү болгон. Ал Карачидеги өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Полиция Хусейндин өлүмү саясий максатта эмес, катардагы карактоонун жыйынтыгы болушу да мүмкүн экенин билдирүүдө. Бирок Имран Хан өз партиялашынын өлтүрүлүшүн саясий негизде деп санап, бул үчүн атаандаштарын айыптады. Буга чейин Хандын партиясы 11-майдагы шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып, Лахор жана Карачиде добуштарды кайрадан саноону талап кылган. Анын негизинде айрым участкаларда добуштар бүгүн саналышы керек эле.

Апрель айынан бери Пакистандын ар кайсы райондорундагы кол салуулардан 100дөй адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG