Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Кытайдын премьери Индияга жөнөп жатат


Кытайдын жаңы премьер-министри Ли Кэцян кошуна Индияга аттанууда. Кызматына кирешкенден берки алгачкы чет өлкөлүк визити учурунда Ли чек ара талашы, экономикалык алакалар өңдүү маселелерди талкуулумакчы. Чек ара талашы өткөн айда Индия кытайлык аскерлерди Гималаидеги чек арадан өткөндүгү үчүн айыптагандан кийин ого бетер курчуган. Ладах чөлкөмүндөгү чек ара боюнча араздашуу 1950-жылдардан бери уланып келатат. Экономикалык байланыштар да сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн түзмөкчү. Кытай - Индиянын негизги соода шериги. Ли Делиде премьер-министр Манмохан Сингх менен жолугушмакчы. Индиядан кийин Кытай өкмөт башчысы Пакистанга, андан кийин Швейцария жана Германияга барат.

XS
SM
MD
LG