Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Түштүк Корея Пхеньян бүгүн да ракета учурганын билдирди


Түштүк Корея Пхеньян бүгүн да чыгыш жээгинен кыска радиустагы ракета учурганын билдирди. Кечээ да 3 ракета учурулганы кабарланган. Түштүк Кореянын бийлиги ракета сыноолору регионго кооп жаратаарын айтып, аларды дароо токтотуу керектигин белгиледи.

Пхеньян Сеул менен Вашингтондун аскердик машыгуусуна жана БУУнун санкцияларына жооп иретинде түштүктөгү коңшусуна жана АКШга сокку ураарын эскертип келген. АКШ жана Түштүк Корея болсо аймактагы күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирген. Пхеньяндын ракета учуруусуна камтамасын билдирген БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өлкө жетекчилигин сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG