Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Карзай Делиден аскердик жардам сурайт


Хамид Карзайдын жардамчысы Индиядагы сапары учурунда Ооганстан президенти аскердик жардам сураарын билдирди. Карзайдын визити Ооганстан менен Пакистандын чек ара талашы курчуп турган кезге туш келүүдө. Президенттин маалымат катчысы билдиргенедй, Карзай Ооганстандын “куралдуу күчтөрүн бекемдөөгө” Делиден көмөк сурамакчы.

Ушул айда Пакистан менен Ооганстандын аскерлери Дюран сызыгы деп аталган чек ара аймагында кагылыша кетишкен. Индия менен Пакистан ортосунда да колониялдык доордон бери чечилбей келаткан талаш-тартыштар арбын. Исламабаддын жаңы өкмөтү Дели менен мамилелерди жакшыртууга убада кылууда.

XS
SM
MD
LG