Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Ала-Букадагы окуя боюнча эки окуучу камалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди. Ага ылайык, Сафед-Булан айылындагы окуучулардын мушташы боюнча кылмышка шектүү 60тай бала көрсөтмө берди. Натыйжада Сафед-Булан айылынын эки окуучусу камакка алынды. Учурда тергеп-иликтөө уланууда.

“Райондо коомдук-саясий кырдаал көзөмөлдө. Мушташка чоңдор да аралашкан деген сөздөр негизсиз. Милиция 16-майдан бери “Тартип” операциясын өткөрүп жатат. Мындай жаңжалдарды болтурбоо, алдын алуу боюнча аракеттер уланууда”, - дейт Нурдинов.

16-майда Сафед-Буланга мазарга барган райондун борборундагы Орозалиев атындагы мектептин окуучулары менен жергиликтүү окуучулар араздашып, ал мушташка айланган. Алты окуучу дарыгерлерге кайрылып, бирөө “мээси чайкалган” деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG