Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Кара-Балта: күч түзүм ардагерлери өкмөткө нааразы


Бүгүн Кара-Балта шаардык админстрациясынын алдына күч түзүмдөрүнүн 30 чакты ардагери митингге чыкты. Алар 1996-жылдан бери өкмөт тамак-аш үчүн кошумча каражатты төлөбөй жатканына нааразы болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккан ардагерлердин бири Рафаэль Гарипов билдирди. Анын айтымында, өкмөт өзүнө эле 300 миң сомдой бересе. “Өкмөт ар кандай шылтоо менен соттун чечимин аткарбай жатат, буга байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жолдонгон. Мөөнөт 25-майда бүтөт, эгер талап аткарылбаса башка чараларды көрөбүз”, -дейт Гарипов. Анын маалыматы боюнча тамак-аш үчүн кошумча каражат албаган 5,6 миңге жакын ардагер бар. Алардын 800дөн ашыгы сотко кайрылган. Өкмөт бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG