Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын тургундары АКШдан жана кыргыз өкмөтүнөн кыйраган учакка байланыштуу зыянды калыбына келтирүүнү талап кылышууда.
Аталган айылдын тургундары “Жашылдар” партиясынын өкүлдөрү менен бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, кыйраган учактын айынан жерге-сууга зыян келгенин айтышты. Компенсация сураганы менен чыгымдын көлөмү тактала электигин билдиришти.
“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг 707” үлгүсүндөгү учак 3-майда Чалдыбар айылына жакын жерге кулап түшкөн. Учактагы үч учкучтун экөөсүнүн күйгөн денелери табылганы кабарланган. Кыргыз өкмөтү бул окуя боюнча атайын комиссия түзгөн. (EBM)