Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Кыйраган учактын кара кутусу АКШга берилди


Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Чүйдө Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде кыйраган учактын кара кутусу 16-майда табылды. Куту ошол учактын калдыктарынын арасында эле болгон. Ошондой эле болжол менен эки учкучтуку делген сөөктөрдүн арасынан үчүнчү учкучтун ДНКсы бар экени аныкталган. Кара куту иликтөө үчүн АКШга берилди.

3-майда "Манастагы" Транзиттик борборго тиешелүү май ташыган учак Чүйдүн Чалдыбар айылына чукул жерде кулап түшүп, үч америкалык жаран набыт болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG