Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ошто энелер акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат


Бүгүн Ош облусунда энелер акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат. Иш-чара Энелер күнүнүн урматына өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Ошондой эле майрамга карата бүгүн аймактагы бардык райондордо энелер үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулган. Облустагы 35 айым коомдук иштерге активдүү катышып жүргөндүгү үчүн Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Кыргызстанда энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 19-майга туура келди. (SE)

XS
SM
MD
LG