Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Бишкекте жашыруун иштеген эки казино табылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте жашыруун иштеген эки казинону аныктады. Тартип коргоо органдары кармаган маалда оюн залында 100дөй адам жана казинонун 30дай кызматкери болгон. Ойноп отургандардын арасында министрлик, мамлекеттик мекемелердин мурунку жооптуу кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакын туугандары жана милициянын жооптуу кызматкери болгон. Тинтүү учурунда 800 миңден ашык сом алынган. Ошондой эле тапанча табылган жана такай келип ойногон кардарлардын тизмеси, документтер болгон. Башкы прокуратура бул оюн жайлар боюнча кылмыш иш козгоду.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта казино сыяктуу кумар оюн жайларына мыйзам менен тыюу салынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG