Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Аба ырайы: сел коркунучу бар


Кыргызстанда 21-24-май күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

21-майда маал-маалы менен жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +17... +22 градус, Талас облусунда түнкүсүн +7… +12, күндүз +16…+21 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +18 ...+23 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +14... +19 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +13... +18 градус болот.

Бишкекте 21-майда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +18…+20 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG