Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Пакистан: Имран Хандын партиясы кайра шайлоодо жеңишке жетти


Пакистандагы белгилүү саясатчы жана крикет боюнча мурдагы жылдыз Имран Хандын партиясы Карачи шаарындагы кайра шайлоодо жеңишке жетти.

Жекшемби күнгө белгиленген кайра шайлоо 43 добуш берүү бекетинде өтүп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.

Карачиде жеңилген Имран Хан парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча партиясынын арызын иликтөө үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 3 күн убакыт берген.

Хан иликтөө жүрбөсө, өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштурарын эскерткен. Ал жетектеген "Техрик-э-Инсаф" партиясынын колдоочулары 11-майда алардын добушканаларга баруусуна тоскоолдуктар түзүлгөнүн ырасташкан болчу. (AiK)

XS
SM
MD
LG