Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

Yahoo 1.1 миллиардга Tumblr сайтын сатып аларын жарыялады


Yahoo интернет компаниясы блогдорду жайгаштырчу Tumblr сайтын 1.1 миллиард долларга сатып алып жатканын кабарлады. Бул келишим дүйшөмбүдө Нью-Йоркто белгилүү болду. Бул Google компаниясынан Yahoo ишканасына  2012-жылы өткөн Марисса Мейердин эң чоң долбоору болду.

Tumblr сайтына быйыл алты жыл толот, ал жерге көбүнчө өспүрүмдөр өз окуяларын, сүрөттөрүн жайгаштырат. Компаниялар Tumblr сайты мурдагыдай эле аны түптөгөн Дэвид Карп тарабынан башкарылары тууралуу билдиришти.(AiK)

 

XS
SM
MD
LG