Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Ирактагы жардыруулардан ажал тапкандардын саны 70тен ашты


Дүйшөмбү күнү Багдаддын түндүгүндө зыяратчылар түшкөн автобус жарылып, андан 8 адам каза болду. Андан мурда шаардагы базар жана автовокзалдагы жардыруулардан 40тан ашык адам апаат кеткен. Буга чейин өлкө түштүгүндөгү шииттер көп жашаган Басра шаарында да машинелер жарылып, 13 адам набыт болду. Азырынча бул жардыруулар үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала элек.

Акыркы мезгилде Иракта шиит жана суннит мусулмандарынын тиреши күчөп кетти. Сунниттер шииттер жетектеген өкмөттү сынга алып, өз укуктары чектелип жатат деп кескин аракеттерге барышууда.

XS
SM
MD
LG