Өзгөн шаарында 52 жаштагы аялды жана анын 6 жашар небересин өлтүрдү деп шектелген 17 жаштагы жаран кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» билдиргендей, кармалган жигит акчанын айынан адам өлтүргөнүн айткан.
Окуя 17-май күнү Жаңы-Өзгөн айылында болгон. Милициядагы маалымат боюнча, кылмышка шектелип кармалган жаран ошол күнү 52 жаштагы маркум Т.А.нын үйүнө барып, арак үчүн карыз сураган. Акча бербей койгондугуна ачууланган жигит кечинде келип, аялды жана 6 жаштагы наристени тумчуктуруп өлтүргөн.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, райондук милициянын кызматкерлери тарабынан 20-май күнү шектүү катары ошол эле айылдын П.Н. аттуу тургуну кармалган. Шектүүнүн жанынан маркумдун үйүнүн ачкычы жана уюлдук телефону табылган. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда. (SE)