Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Нарын шаарында губернаторду колдогон митинг өтүп жатат


Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, ага жүзгө чукул адам катышууда. Алар өкмөт башчынын келишин, Канатбек Муратбековду эмнеге кызматтан алынганы жатканы тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылууда. Ошондой эле азыркы губернатор иштен алына турган болсо мөөнөтсүз митинг башталарын эскертишти.

Чогулгандарга Канатбек Муратбеков чыкты. Кызматтан кетүү тууралуу өкмөткө арыз жазганын, бирок ал канааттандырылбаганын билдирди. Бирок арыз жазган себебин ачыктаган жок. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “губернатор болбой туруп деле элге жардам берсе болот”,-деп айтты.

Канатбек Муратбеков мурунку коалициялык өкмөттүн тушунда “Республика” фракциясынын квотасы менен дайындалган.

Өкмөттүн өткөн айдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусунун башчысына сөгүш берген болчу. (EBM/TSh)

XS
SM
MD
LG