Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Байкоочу кеңеш КТРК жетекчисине ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулайт


Бул тууралуу КТРКнын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча Байкоочу кеңештин төрагасы Фархат Бекманбетов Жогорку Кеңеште Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында аталган маселе байкоочу кеңештин келерки отурумунда талкууга коюлат.

Бекманбетов байкоочу кеңеш мурдагы отурумунда КТРКнын 2012-жыл үчүн баяндамасын канааттандырарлык эмес деп тапкандыгын билдирип, муну КТРКнын иши боюнча 165 арыз-даттануу түшкөндүгү менен негиздеди. Парламент комитети бүгүн Байкоочу кеңештин жылдык отчетун талкуулады.

Башкы директор Кубат Оторбаев мурдараак Байкоочу кеңеш саясий органга айланып баратат деп билдирген болчу. КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 кишиден турат. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү Жогорку Кеңеш, калганын жарандык коом сунуштайт.

Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Коомдук каналга айландырылган. 2010-жылы 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш үч жылдык мөөнөткө дайындалып, бирок былтыр жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу таратылып, башкасы түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG