Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Аба ырайы: сел коркунучу жогору


Кыргызстанда 21-24-май күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

22-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +20... +25 градус, Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +20…+25 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +22 ...+27 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4... +9, күндүз +15... +20 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +12... +17 градус болот.

Бишкекте 22-майда түнкүсүн жаан жаайт, күндүз дээрлик жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +21…+23 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG