Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Атактуу музыкант Рэй Манзарек көз жумду


Америкалык легендарлуу The Doors рок-группасынын түзүүчүлөрүнүн бири жана музыканты Рэй Манзарек каза тапты.

74 жаштагы музыкант Германиянын Розенхайм шаарында рактан дарыланып жаткан. Ал The Doors группасын Жим Моррисон менен чогуу 1965-жылы негиздеген. Топту түзүү идеясы Лос-Анжелесте өз ара баарлашуудан улам пайда болгон.

Рок-группа азыркыга чейин тогуз альбом чыгарган. Рэй Манзарек музыка дүйнөсүнө “Break On Through to the Other Side” жана “Light My Fire” деген композицияларда ойногон соло партиялары менен таанылган.

XS
SM
MD
LG