Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Иракта бомба чабуулдарынан дагы жети киши өлдү


Коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, Багдаддан 170 чакырым түндүктөгү Салахиддин провинциясындагы Туз Хормато шаарындагы жардыруудан үч киши өлүп, 40тан ашуун адам жараат алды.

Автомобилге коюлган бомба шаардык базардын оозунда жарылган. Багдаддын түндүк тараптагы Тармия шаарчасындагы аскерий бекетте жанкечти өзүн өзү жардырганда, үч жоокер ажал тапты. Өлкө түндүгүндөгү Киркук шаарында мал базардын ныптасында бомба жарылып, бир киши өлдү жана 15 киши жарадар болду. Бир күн мурда Ирактын шиит калктуу аймактарында бомба чабуулдарынан 60тан ашуун адамдын каны төгүлгөн. Соңку кандуу булоон шииттер менен сунниттер ортосундагы жиктешүү көзөмөлдөн чыкты деген кооптонууну жаратууда.

XS
SM
MD
LG