Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Грузияда экс-премьер жана экс-министр камакка алынды


Грузиянын мурдагы премьер-министри Иване Мерабишвили жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Зураб Чиаберашвили камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, алар өкмөттүк акчаны бейсарамжал пайдаланган. Бүгүн эле Мерабишвили жана Чиаберашвили тергөөчүлөргө жумушсуздар үчүн пайдаланылчу акчанын натуура колдонулуусу боюнча сурак беришти.

Сот эки айыпкерди күрөөгө чыгаруу же убактылуу тергөө абагында кармоо боюнча чечим чыгарышы керек.

Мерабишвили да, Чиаберашвили да президент Михаил Саакашвили башындагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөлөрү. Бул кыймыл октябрдагы шайлоодо жеңилгенден бери Саакашвилинин союздаштары сотто сурак беришүүдө.

XS
SM
MD
LG