Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Орусия-Азербайжан “Евровидениенин” жыйынтыгын териштирет


Орусия жана Азербайжан Eurovision сынагында орусиялык ырчы Дина Гариповага эмне себептен азербайжандар нөл упай бергенин иликтешет.

Шейшемби күнү Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Мамедияров орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен чогуу Москвада журналисттер алдында сүйлөп, өлкөдө Гариповага добуш бергендер көп болгонун азербайжандык уюлдук оператору ырастаганын билдирди. Мындай болгондо орусиялык ырчы он упай алган болот. Лавров болсо “жосунсуз окуя” өз жообун аларын эскертти.

Ишемби күнү Швециянын Мальме шаарында аяктаган “Евровидение” сынагында Дина Гарипова бешинчи орунду ээлеген. Биринчи орунду даниялык ырчы Эмили де Форест алган.

Президент Алиев Азербайжандагы добуштарды кайра саноону буйруганын кечээ расмий маалымдаган.

XS
SM
MD
LG