Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Оклахомада торнадодон 24 адам өлгөнү тастыкталды


АКШ бийликтери Оклахома штатындагы куюнда өлгөн адамдардын санына тактоо киргизди.

Оклахоманын мамлекеттик медициналык экспертинин кеңсесинин билдиришинче, Мур шаарчасында торнадо кыйраткан имараттардын астынан адеп маалымдалгандай 92 эмес, 24 адамдын гана сөөгү табылган. "Маалыматтар кайталанып кетип, чыгаша көп көрсөтүлүп калган",-деп айтылат билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү Оклахоманын четиндеги 55 миң калктуу шаарга саатына 320 чакырымга чейин жеткен куюн тийгенден кийин ондогон адамдар жарадар болуп, дагы ондогон адамдар жоголгону маалымдалган.

XS
SM
MD
LG