Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Ооганстанда "моралдык кылмыш жасаган" аялдар көбөйдү


Эл аралык Human Rights Watch уюмунун маалымдашынча, акыркы 18 айда Ооганстанда “адеп-ахлактык кылмыш жасагандардын” саны 50 процентке көбөйгөн.

"Эл аралык күчтөр келерки жылы Ооганстандан чыгып кеткенге камданып жатканда, улуттук өкмөт “аялдардын укугун коргоонун мурдакыдай зарылдыгы жок деген маанайды кармана баштагандан го”-деп айтылат "Хьюман Райтс Уотчтун" билдирүүсүндө.

Эл аралык уюм Кабулдагы маалымат жыйынында акыркы бир жарым жылда моралдык кылмыш жасады деп 600 ооган аял абакка салынганын, алардын көпчүлүгү зордукталып жана үй-бүлөсүндө зобун-зордукка кабылгандан улам үйдөн качканга мажбур болгонун да белгиледи.

XS
SM
MD
LG