Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Бишкекте грузиялык “мыйзамдагы уурунун” соту болот


Бишкектин Биринчи май райондук соту грузин тектүү “мыйзамдагы ууру” Илья Самсониянын ишин кароону улантат. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталып жатат.

40 жаштагы Илья Самсония Грузиянын Махарадзе шаарында төрөлүп, грузин жараны болуп саналат. Аны өткөн жылдын ноябрь айында орус бийликтери Кыргызстанга өткөрүп берген. Ага чейин Самсония үч жыл Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан. Ал маңзат соодасы менен алектенген деп соттолгон жана түрмөдө Кыргызстандын жараны катары отурган. (BkA)

XS
SM
MD
LG