Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Иран: Ахмадинежаттын жакын адамы талапкер катары катталган жок


Ирандын Диний сакчылар кеңеши мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани жана учурдагы президенти Махмуд Ахмадинежаттын жакын адамы, мураскор катары көрсөтүлүп жаткан Эсфандьяр Рахим Машаини кийинки айда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты.

Бул кеңеш шайлоого чейин талапкерлерди тандоо укугуна ээ. Жогорудагы саясатчылардын эмне себептен катталбаганы боюнча коргоо кеңеши да, өлкөнүн күч органдары да расмий түшүндүрмө берген жок.

Ислам ыңкылабынын коргоо кеңеши президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 686 адамдын ичинен 8ин гана талапкер катары каттады. Алардын ичинде Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы дипломаты Саид Жалили, мурдагы тышкы иштер министри Али Акбар Велаяти бар. Иран алдыдагы шайлоодо президенттик эки мөөнөтү аяктаган Махмуд Ахмадинежаттан кийинки президентти тандамакчы.

XS
SM
MD
LG