Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Орусияда издөөдөгү террорчу өлтүрүлдү


Орусиянын коопсуздук кызматтары издөөдөгү коркунучтуу террорчулардын бири өлтүрүлгөнүн шардана кылды.

Өлкөнүн терроризмге каршы комитетинин маалыматында, шейшемби күнү Ингушетиянын Назран районунда болгон атышууда Жамалейл Муталиев өлтүрүлдү. Муталиев Кавказда ислам халифатын куруу үчүн күрөшкөн “Кавказ Эмираты” террорчул тобунун башчысы Доку Умаровдун эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон.

"Кавказ Эмираты" Москвадагы 2010-2011-жылдардагы жардыруу жоопкерчилигин өзүнө алган. Бул кол салуулардан 100дөн ашык адам набыт болгон. Өткөн жылдын башында Жамалейл Муталиевдин өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарап, кийинчерээк ал башка адамдын сөөгү экени дайын болгон.

XS
SM
MD
LG