Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Саакашвили мурдагы премьер-министрдин камалышын саясий иш деп атады


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили мурдагы премьер-министр баштаган бир катар мурдагы чиновниктердин камалышын "Украинадагы Юлия Тимошенкону камоого окшош" деп салыштырды. Президент өзү жетектеген "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөлөрүн камоо артында саясий кызыкчылык жатат деп билдирди.

Шейшембиде Грузиянын мурдагы премьер-министри Иване Мерабишвили жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Зураб Чиаберашвили камакка алынган. Аларга "өкмөттүк акчаны бейсарамжал пайдаланган" деген айып коюлууда. Сот эки айыпкерди күрөөгө чыгаруу же убактылуу тергөө абагында кармоо боюнча бүгүн чечим чыгарышы керек.

Өткөн жылдын октябрындагы миллиардер Бидзина Иванишвили баштаган партия парламенттик шайлоодо утуп, өкмөттү түзгөндөн тарта Саакашвилинин бир катар үзөңгүлөштөрүнө кылмыш иши козголуп, сурак берип келишүүдө. Буга чейин мурдагы ички иштер министри камалган.

XS
SM
MD
LG