Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

АКШ: ТБ кыргыз экономикасына былтыр $200 млн. салым кошту


АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргыз өкмөтүнүн “Манас” аба майданындагы жүк ташуу борборунун ишин 2014-жылдан кийин токтотуу тууралуу мыйзам долбооруна комментарий берди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү: "Кыргызстанда даярдалган документти - бул ыктымал мыйзам долбоорунун тексти деп түшүндүк. Ал азырынча биздин Кыргызстан менен келишимдердин мөөнөтүн өзгөртпөйт. Өткөн жылы эле кыргыз экономикасына 200 миллион доллардан ашуун салым кошкон "Манас" Транзиттик борбору Ооганстандагы коалициялык күчтөргө көмөк көрсөтүп, азыркы келишимдин алкагында иштеп жатат. Ооганстанды бейпил, туруктуу жана коопсуз аймакка айландырууну көздөгөн Кыргызстан менен уланып келаткан кызматташтык үчүн терең ыраазыбыз”, - деп билдирди шейшембиде.

Кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборун чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып, парламентке жөнөтүлгөнүн 21-майда билдирген. Долбоор Жогорку Кеңештен колдоо тапса, кабыл алынган мыйзам президентке кол коюуга жиберилиши керек. Президент кол койгондон кийин Кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтүнө Транзиттик борбордун Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу келишим узартылбай тургандыгын расмий маалымдайт.

Бир тараптуу мындай чечим тууралуу маалымат экинчи тарапка азыр иштеп жаткан келишим аяктаарына 180 күн калганда жөнөтүлүшү шарт. Тышкы иштер министрлиги: келишимди узартууга макул эместигин тастыктоочу чечимди даярдоо жараяны кийинки жылдын январь айына чейин аякташы керек-деп билдирди.

Антитеррордук коалициялык күчтөрдүн аскерий жүк ташуучу базасы Кыргызстанга АКШдагы 2001-жылкы теракттардан кийин жайгаштырылган. 2009-жылы АКШ-Кыргызстан макулдашуусуна ылайык база жүк ташуучу борбор деп кайра түзүлүп, келишим 22-июнда Кыргыз парламентинде ратификацияланган. (BkA/BuS)

XS
SM
MD
LG