Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Болот Шер Башкы прокуратура ага иш козгогонун айтып чыкты


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер Башкы прокуратура талап-тоноочулук боюнча ага кылмыш иш козгогонун маалымдады. Парламенттин төрагасына кайрылып, прокуратура Ички иштер министрлигинен 2010-жылы апрель окуяларындагы мародерчулук боюнча материалдардын баарын алдыртып жатканын айтты. Кылмыш иштин козголушун Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө менен байланыштырды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Шердин билдирүүсү боюнча бир аздан кийин комментарий берилерин маалымдады.

Ушул жылдын февраль айында талоончулукту иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов апрелдеги мародерчулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Былтыр август айында ИИМ “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына байланыштуу ишти кыскарткан болчу.

Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан Абдулла Юсупов талоончулукка "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин тиешеси бар деп билдирип чыккан. Буга байланыштуу парламент депутаттык комиссия түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG