Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Самсониянын сотунда тергөөчү көрсөтмө берди


Бүгүн Бишкекте Биринчи май райондук сотунда грузиялык “мыйзамдагы ууру” Илья Самсониянын ишин кароо уланды. Анда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгынын бул ишти тергеген тергөөчүсү Токторбек Мамбеталиев көрсөтмө берди.

Анда Самсония алып жүргөн Илияс Алиев аттуу кыргыз жаранынын наамына жазылган паспорт жасалма эместиги, бирок мыйзамсыз алынганы анык болду. Ошондой эле тергөөдө Самсония өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартканын айтты. Грузиялык “мыйзамдагы ууру” сотто да көрсөтмө бербей жатат. Процесс эртең да уланат жана анда жарыш сөз башталат.

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталып жатат.

40 жаштагы Илья Самсония Грузиянын Махарадзе шаарында төрөлүп, грузин жараны болуп саналат. Аны өткөн жылдын ноябрь айында орус бийликтери Кыргызстанга өткөрүп берген. Ага чейин Самсония үч жыл Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан. Ал маңзат соодасы менен алектенген деп соттолгон жана түрмөдө Кыргызстандын жараны катары отурган. (EBM)

XS
SM
MD
LG