Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Ала-Бука: чек арадагы талаштарды азайтуу боюнча жыйын өтүүдө


Ала-Букада чек ара аймактарындагы талаштарды азайтуу боюнча жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн жыйыны өттү. ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган бул жыйында чек ара аймагындагы талаштуу маселени чечүү жолдору талкууланды. Райондогу №2030 чек ара отрядынын жетекчиси Замирбек Надырбеков айыл аймактарынын башчыларын түшүндүрүү иштерин чогуу жүргүзүүгө чакырды.

Ала-Бука районунда 12 такталбаган аймак бар. Алардын жалпы узундугу 64 чакырымды түзөт. Быйыл 1-марттан тарта бул аймактарды кыргыз-өзбек чек арачылары биргеликте кайтара баштаган. Аларга элдик кошуундун өкүлдөрү да көмөктөшүүдө. Мындай иш-аракеттин натыйжасында чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана мал уурулук азайган.

2012-жылы Ала-Бука районунун өзүндө эле чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталган. Быйыл жаңжал чыгарчу эки жагдай катталып, эки тараптуу сүйлөшүү негизинде жеринде басылган. Надырбековдун айтымында, мындан ары коңшу өлкө менен ынтымакташып иштөөгө басым жасалат.(SE)

XS
SM
MD
LG