Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Кировдун губернатору Навальныйдын ишине күмөн саноо билдирди


Киров облусунун губернатору орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальныйга тагылган айыптардан күмөн санап жатканын билдирди. Сотто күбө катары көргөзмө берген Никита Белых Навальныйга анын атынан иш алып баруу жана жергиликтүү компаниялардын иштерине кийлигишүү укугу берилбегенин айтты.

Блоггер жана антикоррупциялык активист 2009-жылы облус губернаторунун кеңешчиси болуп турган кезде “Кировлес” ишканасынан 510 миң долларга барабар акчаны менчиктеп алган деп айыпталууда.

Белых “Кировлестеги” көз боёмочулук же компания үчүн чыгашалуу келишимди сүрөөнгө алгандар тууралуу укпаганын айтты. Президент Владимир Путиндин тайманбас сынчыларынын бири Навальный жана адвокаттары бул иштин артында саясат турат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG