Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

"Азаттыктын" Астанадагы кабарчысын кармап кетишти


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Астанадагы кабарчысын нааразылык акциясын чагылдырып жаткан жеринен милиция кармап кетти. Оркен Жоямерген ипотекалык кредит алып алданганбыз деген адамдардын баш калаадагы жүрүшү жөнүндө репортаж даярдап жаткан. Аны митингчилер менен чогуу райондук милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Нааразылык акциясы кечээ башталган. Казакстандын булуң-бурчунан келген катышуучулар Астанадагы өкмөт жана парламент имараттарынын алдына чыгышкан болчу. Алар өкмөт ипотекалардын үстөк пайыздарын төмөндөтүү үчүн чара көрүүгө тийиш деген талап коюшууда. Тартип коргоочулар акциянын уюштуруучусу Эсенбек Октешбаевди аялы менен жана “Элге турак-жайларын калтыралы!” деген кыймылдын адвокатын кармап кетишти.

XS
SM
MD
LG