Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кытай премьери Пакистан жетекчилиги менен жолугушууда


Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Пакистанда эки тараптуу экономикалык жана стратегиялык алакаларды талкуулап жатат. Ли Исламабадга чейин Индияга барып кеткен. Премьерди өкмөт мүчөлөрү, башка расмий адамдар жана бизнесмендерден турган топ коштоп жүрөт.

Эртең Ли мурдагы премьер-министр, 11-майдагы парламенттик шайлоону жеңген "Пакистан мусулмандар лигасынын" лидери Наваз Шариф менен жолугушмакчы. Кытайдын жогорку өкүлү "эки кошуна энергетика тармагындагы кызматташууга көп көңүл бурууга тийиш" деди. Электр энергиясынын тартыштыгынан жабыркаган Пакистанда жарык үзүл-кесил берилип, экономикага чоң залака тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG