Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

ЖК НАТО жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып өтүү келишимин кайтарды


Бүгүн парламентте Ооганстанда согуштук операцияларга катышкан коалициялык күчтөрдүн жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып өтүү тууралуу келишим талкууланды. Анда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов келишимге Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Тажикстан кол койгонун, документ кол коюлган күндөн тарта күчүнө киргенин билдирди. Эми Жогорку Кеңеш ратификациялап мыйзамдаштыруусу керектигин белгиледи.

Талкуу маалында депутаттар Жогорку Кеңештин макулдугун албай туруп келишимдин күчүнө киришин сынга алышты. Кыргыз өкмөтүнө документтин жагдайларын кайра карап чыгуу тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк 2011-жылдын ноябрына чейин Пакистан аркылуу келчү. Ноябрда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан аскерлер өлгөндөн кийин Исламабад ал жолду жаап салган. Ошондон кийин Түндүк Атлантика альянсы Ооганстандагы аскерий техникаларын жана башка жүктөрүн Борбор Азия аркылуу ташуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишимди иштеп чыккан.

Быйыл НАТО Ооганстандын коопсуздугун жергиликтүү аскерлерге тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн жоокерлердин басымдуу бөлүгүн жана аскерий шаймандарын чыгарып кетиши керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG